Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекетке коронавируска каршы күрөшүүдө жардам берип жаткан ыктыярчылар менен жолугушуу өткөрүүдө. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди. Саат 10:00дө башталган жолугушууга ыктыярдуу кыймылдардын 12 мүчөсү катышкан.
- Элдар Шабданов — «Бирге» ыктыярчыларды координациялоо борборунун өкүлү;
- Тынчтык Алтымышев — журналист, «Элден — элге» жана «Элдик медиктер» кыймылдарынын координатору;
- Наталья Гребнева — «Руки любви» коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү;
- Айзада Жамгырчиева — журналист, алып баруучу;
- Анжелика Кайратова — меценат, ырчы;
- Урмат Насыкулов — «Биз барбыз» ыктыярчылар штабынын жетекчиси;
- Эркин Рыскулбеков — шоумен, «Элим, барсыңбы» ыктыярчылар бирикмесинин өкүлү;
- Бабур Төлбаев — меценат, «Мол Булак Финанс» микрокредиттик компаниясынын жетекчиси;
- Бермет Усубалиева — Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коомунун өкүлү;
- Нуриля Чолпонбаева — «Поколение Best!» коомдук бирикмесинин жетекчиси;
- Абдурахманхаджи Муртазалиев — спортчу, ыктыярчы;
Аскар Алмаз уулу — демилгелүү жаштар тобунун өкүлү.
Кыргызстанда бир нече ыктыярдуу кыймылдын мүчөлөрү илдет менен күрөшүү иштеринин алкагында ар кандай аракеттерди көрүүдө. Мисалы, медиктерге жардам көрсөтүү, дары-дармек жана медициналык жабдууларга акча чогултуу менен алектенишет.
Маалым болгондой, буга чейин ырчы Анжелика Кайратовна социалдык баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, анда президенттин ыктыярчыларды угуп коюусун өтүнгөн.