Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген билдирүүсүндө республика боюнча 2250 кычкылтек концентраты керек деп айтылган. Бүгүнкү күндө мамлекеттик деңгээлдеги медицина мекемелеринде кычкылтек концентратынын иштетилип жатканы 3041 түзөт. Бизде кычкылтек концентратына жана ИВЛ аппаратына болгон көйгөй жок, бардыгы жетиштүү. Ар бир айылдын ФАПтарына кычкылтек концентратын коелу деп пландап жатабыз”, — деп билдирди КР Премьер-министри Кубатбек Боронов.

Анын айтымында жакынкы күндөрү Кытайдан бардыгы болуп дагы 500 кычкылтек концентраты келе турганы күтүлүүдө. Буга чейин Кытайдан 1500 даана кычкылтек концентраты алынып келинген.