Өкмөт тарабынан региондордо компьютердик томография жана рентген кабинеттеринин ачылышы пландалууда. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдирди.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, өлкөдө компьютердик томография жана рентген кабинеттери жетишсиз. Мындан улам, ар бир региондо компьютердик томография жана рентген кабинеттерин уюштуруу боюнча тапшырмалар берилди. Бул жарандардын бир сүрөт үчүн борбор калаага келип отурбастан, облустан тийиштүү жардамды алуусуна максатталган”, — деп билдирди КР Премьер-министри Кубатбек Боронов.