Бир сутка ичинде өлкө боюнча 50 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Бишкек ш. – 12
• Чүй облусунда – 10
• Ош ш. – 9
• Ош облусунда – 5
• Жалал-Абад облусунда – 4
• Баткен облусунда – 6
• Ысык-Көл облусунда – 4
Ал эми бир суткада 23 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары уй карантинден 444 медициналык кызматкер айыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2478 учур катталды, алардын ичинен 1091 медкызматкер айыкты.