Кызыл-Аскерде бир жигит беш жашар кызга ыдык көрсөтүүгө аракет кылды. Бул тууралуу журналисттерге айылдын тургуну Акыл Осмонов билдирди.

Күбөлөрдүн айтымында, окуя Нарвский көчөсүндөгү №86 үйдүн жанындагы оюн аянтчасында болгон. “Балдар адаттагыдай ойноп жаткан. Бомжго окшогон бир жигит алардын айланасында жүрдү, бирок эч ким ага көңүл бурган жок. Ал 5 жашар кызды селкинчектен түшүрүп, четке алып кетти. Андан кийин ал кызды тизесине отургузуп, ага ыплас иш-аракеттерди жасай баштады”, – деди күбө.

Ал белгилегендей, жергиликтүү тургундар кол салган адамды кармашкан. “Бирок ал өзүн актоого аракет кылып, кичинекей кыз анын карындашы болорун айтты”, – деди Акыл Осмонов.

Тургундар милицияны чакырышкан. Милициянын айтымында, Кызыл-Аскердин тургундары клей жыттаган киши жергиликтүү тургундардын тынчын алып жатканын айтышкан.

Учурда милиция кызматкерлери аталган окуя боюнча иш алып барышууда.

Булак: NazarNews.kg