Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү Кыргызстандын кыздарына карата зомбулук көрсөтүүгө чакырган адамдардын өздүгүн тактады.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү интернет булактарындагы жана социалдык тармактардагы жайылып жаткан маалыматтарды көзөмөлдөп келет. Эгерде укукка жат контент табылган болсо, келген өлкөнүн мыйзамдарына ылайык Россиянын укук коргоо органдары менен биргеликте тиешелүү чараларды көрөт.

2020-жылдын 22-июлунда социалдык тармактарда Россияга иштегени барган Кыргызстандын

жаш адамдарыны тобу чет өлкөлүктөр менен жолугуп жүргөн Москвадагы кыздарды жазалоого чакырган видео кайрылуусу тараган. Аталган видео кайрылуу коомдук резонанс жараткан.

Биздин жарандар тарабынан укукка каршы аракеттерди болтурбоо максатында (Екатеринбург шаарында болгон чыр-чатактын айынан болуп жаткан) Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү чыр-чатактарды алдын алуу жана аны болтурбоо үчүн Россиянын ИИМдин Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлерине маалымдаган.

Биргеликте көрүлгөн чаралардын жүрүшүндө укукка каршы аракеттерге чакырган адамдардын өздүгү такталып, алар Чүй облусунун тургундары 1992-жылы туулган Б.Б. менен 1996-жылы туулган А.А. болуп чыккан.

Жогоруда аты аталган жарандар Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнө чакырып, аларга алдын алуу-түшүндүрүү мүнөзүндөгү маектешүү жүргүзүлүп, такталбаган жана укука каршы маалыматтарды таратууга кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгы боюнча эскертүүлөр берилди.

Андан сырткары, 22-июль күнү Кыргыз Республикасынын Элчилигинин имаратында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россиядагы Өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен кыргыз диаспорасынын жетекчилиги менен жолугуп, мессенджер жана социалдык тармактар аркылуу мекендештер тарабынан улуттар аралык чыр-чатакты козутууга түрткөн, анын ичинде улуттук маселелерге тиешелүү укука каршы аракеттерди болтурбоо боюнча маселелер талкууланды.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү мекендештерин мессенджер жана социалдык тармактар аркылуу жалган маалыматтарды, анын ичинде улуттук маселелерге тиешелүү маалыматтарды кылмыш жоопкерчилигине тартылып калбоо үчүн таратуудан алыс болууга чакырат.

ИИМдин Басма сөз кызматы