АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйдө сүйлөгөн сөзүндө зордук-зомбулук күч алып бара жаткан Чикаго жана башка шаарларга федералдык укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жөнөтүүгө аргасыз болуп жаткандыгын белгилеп өткөн. Ошондой эле, кошумча күчтөр Альбукерке жана Канзас-Ситиге дагы жиберилет. Буга чейин федералдык күчтөр Портленд шаарына жөнөтүлгөн.

Трамптан кийин АКШ башкы прокурору Уильям Барр чыгып сүйлөп, Канзас-Ситиге 200 федералдык агент жөнөтүлгөндүгүн, болжол менен дагы ушунча агент Чикагого, мындан сырткары 35 агент Альбукеркеге жиберилээрин айткан.

Белгилей кетсек, полиция кызматкери тарабынан кара денелүү Жорж Флойд деген америкалык жаран өлтүрүлгөндөн кийин башталган нааразылык акциялары баш аламандыктар менен коштолуп, ири шаарларда бүгүнкү күнгө чейин зордук-зомбулуктар токтобой келет.