Вашингтон эл аралык аренада расмий Бээжинден кандай кадамдарды күтүп жаткандыгын жана бул аракеттер аткарылбаса, кандайдыр бир чараларды кабыл алууга даяр экендигин ачык айтып келет. Бул тууралуу 22-июль күнү АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпео билдирүү жасаган.

Помпеонун айтуусу боюнча кытай ири өлчөмдө америкалык интеллектуалдык менчикти уурдоо менен АКШ экономикасына болуп көрбөгөндөй өлчөмдө зыян келтирүүдө.

Белгилей кетсек, АКШ менен КЭР ортосундагы мамилелер 2018-жылдан тартып соода-сатык жаатындагы каршылашуулардан улам начарлап кеткен жана коронавирустун жайылышы менен биротоло курчуган. Буга америкалык бийликтин вирус Кытайда лаборатордук негизде пайда болгон деген дооматы себеп болгон.