Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы жеке үйлөрдүн биринде гепарин дарысы мыйзамсыз кымбат баада сатылып жатканы аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Анда айтылгандай, Финполициянын 1955 кыска номериндеги түз линиясына тургундар даттанышкан. Ыкчам аракеттердин натыйжасында дареги айтылган үйдө жашагандар ири көлөмдөгү дары-дармектерди кымбат баада жана атайын уруксат кагаздары жок сатып жатканы аныкталган.

Текшерүү үчүн 100 таңгакча (бир таңгакчада 5 ампула) гепарин 70 миң сомго (бир даанасы 700 сомдон) сатылып алынган. Турак жайдын бөлмөлөрүн кароо учурунда аталган дарынын дагы башка таңгакчалары табылган.

Факт Жазык кодексинин 211-беренеси («Мыйзамсыз ишкердик же банктык иш») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизилип, сотко чейинки өндүрүш башталды. Дары-дармектердин кайдан келгени, сапаты жана аны сатууга тиешелүү башка жарандарды аныктоо иштери уланууда.

Финансы полициясы дары-дармектерди, медициналык каражаттарды дүңүнөн сатып алып, кайра кымбат баада сатып жаткан бир нече жарандарды буга чейин да кармаган.