Окуя Палестинада болгон. Джихад ас-Сувейт ооруп жаткан энесин күн сайын терезенин түбүндө карап турат. Бул абалда тартылган кадр көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бура алды.

Интернет колдонуучулары бул сүрөткө кайдыгер карап тура алышкан жок. Джихад ас-Сувейттин энеси коронавирус жуктуруп ооруканага түшкөн. Дарыгерлер болсо жакын туугандарынын коопсуздугу үчүн палатага киргизүүгө тыюу салган.

Мындай учурда жигит оорукананын экинчи кабатына чыгып алып, апасын карап отурду. Апасына үмүт менен карап, көзүн албай көрүп турган жигиттин тагдыры дарыгерлерди дагы таң кылтырды.

«Апасын ойлоп көп бушайманга түштү. Санаага түшүп, үмүт менен караган жигиттин бул абалын көрүп биз дагы кошо кайгырып жаттык. Тилеке каршы энеси Расма Салиманы өмүрүн сактай алган жокпуз”,-деди дарыгер.

Бул окуядан кийин көптөгөн соцтармактын колдонуучулары жигитке көңүл айтып, фотограф Джихаддын энесине эстелик тургузду.