Бизде коомчулуктун айрым бир бөлүгү атайын адистешип, жамандык гана издеп, алдыга чыккандарды артка тарткан  топко айланып бара жатат. Өзгөчө бул пандемия учурунда ачыкка чыкты. Кече эле өлүм алдында жаткан мекендештерибизге өмүр тартуулап, өз мээнети менен тапкан каражатына дары дармек, ачка калгандарга азык түлүк алып бергендерге ыракмат айткандын ордуна ар кандай ушак, имиштерди таратып жатканы ашынды ичейин, кадырына түкүрөйүн гана эмеспи. Эл  башына апаат түшүп, ааламды каптаган пандемия бизди да кыйгап өтпөй турганда биринчилерден болуп кол сунуп, элге жарыгын чачкан Каныбек Туманбаев тууралуу да ар кандай провокациялык имиштер орун ала баштады.

 Атасынан эрте ажырап, бир тууугандарына ата ордуна ата болууну максат кылып, жан багуу, бир туугандарын жер каратпоо максатында көпчүлүк мекендештерибиз сыяктуу эле 1999 жылы ЖОЖду бүтүрө салып, мигранттардын катарын толуктап, Россиянын Волгоград шаарына бакыт издеп кеткен. Ал жерден ак мээнети менен бутуна туруп, бизнестин дагы башка тармактарын өркүндөтүү максатында Кытайга бет алат. Ал жакта 2010-жылга чейин эмгектенип, көп адамдардай эле жаркын максатта бийлик алмашкан соң мекенине келген. Тапкан ташыганын, чогулткан дүйнө мүлкүн Кыргызстандын экономикасына жумшап, ишкерлигин бул жерде улантат.  Маселенин чоо жайы, имиш ушактардын чекити ушул эле. «Жетим өз киндигин өзү кесет» болуп, өзүнө жеткенин үй бүлөсүно, андан ашканын эли журтуна таратып, жалпы элге жакса да айрым ичине таруу айланбагандарга жакпай жатканы анын берешендиги, колу ачыктыгы, жетимди чекесинен сылап, майыптан кыя өтпөгөнү.

Каныбек Туманбаев элди апаат туткактаганда жалпы жарандардын жердигине, уруусуна, социалдык статусуна карабай тегиз жардам берди. Акчалай, азык түлүк, дары дармек берген жагынан эч кимди алдыга чыгарган жок. Өзгөчө тансык болгон дары дармектерди чет мамлекеттерден өз каражатына алдырып, элге бекер берүү ар  бир азаматтын  эле колунан келе бербейт. Маселе ушунда. Анан ушундай жигитти эл колдоп, башына көтөрүп албаганда кимди колдоо зарылчылыгы бар? Баатырын барктабаган эл барксыз болоорун буга чейин тарых эчен ирээт далилдеген. Керек болсо биз мындай элим деген жигиттерди саясатка коомчулук куч менен алып келүүгө милдеттүүбүз!