Дары-дармектерди мамлекеттик деңгээлде сатып алуу иши үзгүлтүксүз жүргүзүлүүгө тийиш. Бул тууралуу премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында билдирген.

Ооруканаларды жана поликлиникаларды тийиштүү медициналык каражаттар менен камсыздоо иши туруктуу негизде жүргүзүлүүсү зарыл. Мындан тышкары фармацевтикалык компаниялардын дары-дармектерди ташып келүүсүнө шарттарды түзүүнүн үстүндө иштөөнү күчөтүү керек. Ошол эле учурда дары-дармек каражаттарынын жарандарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана баасын негизсиз жогорулатпоо үчүн көзөмөлдөө иштерин күчөтүү шарт, — деген өкмөт башчы.

Премьер-министр Бишкек жана Ош шаарларында жаңы салына турган медициналык мекемелер жана аймактарда оңдолуп башталган имараттар жарандарга толук кандуу медициналык тейлөө көрсөтүүчү мекеме болушу шарт экенин белгилеген.

Курулуш жана оңдоп-түздөө иштери башталган медициналык жайларда интенсивдүү терапия жана реанимациялык орундар тийиштүү жабдуулар менен жабдылууга тийиш. Муну менен катар тиешелүү жабдуулар менен камсыз кылуу жана аларды сатып алуу иши азыртадан жүргүзүлсүн, — деди Кубатбек Боронов.