Бүгүн, 25-июлда президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» маек берди. Анда президентке «Жакында эле, “медицина факультетин бүткөн президенттин кызы Жээнбекова Бактыгүл эмнеге эл катары оорулууларды дарылабайт? деген талкуулар болду. Сиздин үй-бүлөңүз тууралуу дээрлик маалымат жок экен. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, угармандардын ушул суроосун берсем: азыркы кезде Сиздин жакындарыңыз элге жардам берүүдөбү?», — деген суроо берилди

«Кызым боюнча тактоо киргизип коеюн. Славян университетинин финансы факультетин бүткөн. Ал медик эмес. Кудайга шүгүр, жакында эле экинчи уулдуу болуп, азыр балдары менен үйдө.

Менин жубайым илгертен баштап эле, көп жылдар болду, мүмкүнчүлүккө жараша кайрымдуулук ишин жасап келет. Бирок, кайда, кимге берет, алган кишилер дагы ал кишинин жардам берип жатканын билбейт. Баягы “оң колуң бергенди сол колуң билбесин” деген принцип менен иштеп келе жатат. Азыр деле үй-бүлөбүздүн мүмкүнчүлүгүнө жараша ошол кайрымдуулук иштерди улантат.

Ал эми кызым, элибизде айтмакчы, “чыккан кыз – чийден тышкары” дегендей, өз үй-бүлөсү менен алек. Күйөө балам экөө ушул пандемия башталгандан бери, апрель айынан башташкан экен, муктаждарга, дарыгерлерге тамак-аш, дары-дармек таратып, колунан келген жардамын берип жатабыз дешти.

Кыз бала ата-энеге өзгөчө күйүмдүү болот экен. Айрыкча мага абдан күйөт, терс таасирин тийгизип албайын деп өзүн көп нерседен чектейт. Ал кайрымдуулук иштерин деле тынч улантып жатышат. Аны токтотпойт деп ойлойм», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Эске салсак, кечээ социалдык тармактарда президент Сооронбай Жээнбековдун кызы Бактыгүл Жээнбекова жана күйөө баласы Атабек Абжалиев медицина кызматкерлерине тамак таратып жаткандагы сүрөтү тараган.