Франция президенти Эммануэль Макрон Евробиримдикке кайрылып «Жер ортолук деңизде Греция менен Кипрдин эгемендүүлүгүн бузгандыгы үчүн Түркияны жазалоону» , ошону менен бирге Анкарага санкция салуу керектигин белгиледи. Негизинен, ал расмий Анкаранын грек аймактык сууларында мунай шельфине иликтөө иштерин баштоо тууралуу пландарын сынга алган.

Макрондун билдирүүсүнө Анкара өлкөнү санкция менен коркутуу арзыбаган иш экендигин, ал эми француз лидеринин билдирүүсү республика үчүн эч кандай мааниге ээ эмес экендигин айтса, ошол эле учурда Афина түрктөр менен болгон конфликте аскердик аракеттерге барууга даяр экендигин жар салды.

Белгилей кетчү нерсе, акыркы учурларда Анкара менен Париж ортосундагы мамилелер кескин начарлап кеткен. Буга «Франциянын пайдасы үчүн тыңчылык кылган» деген шек менен Түркия бийлигинин өз жарандарын камакка алгандыгы себеп болгон. Мындан сырткары, жакында Ливияга таандык жээкте эки өлкөнүн аскер күчтөрүнүн ортосунда болуп өткөн инцидент дагы араң турган мамилелерди өз кесепетин тийгизген.