Жыт сезүүнүн убактылуу жоголуусу же аносмия – негизги неврологиялык симптом, ошондой эле COVID-19 оорусу учурунда такай кездешүүчү индикатор болуп саналат. Буга чейин өткөрүлүп келген изилдөөлөр аталган симптом жөтөл, ысытма өңдүү белгилерге караганда оорунун бар экендигин алда канча так көрсөтөт.

Гарвард медициналык мектебинин нейробиологдорунун жетекчилиги алдында иштеп жатышкан эл аралык изилдөөчүлөр тобу SARS-CoV-2 вирусу жуккан учурларда мурун кеңилжээриндеги жыт сезүүчү клеткалар алгачкылардан болуп жабыркай тургандыгын аныкташкан.