Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында жергиликтүү бийлик органдарынын алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүүсүн  баса белгиледи. 

«Биринчи кезекте, бул Бишкек жана Ош шаарларында жаңы ооруканаларды куруу. Ошондой эле жер-жерлерде имараттарды ооруканалар катары кайра түзүү жана медициналык мекемелерди суюк кычкылтек берүү системасына борборлоштуруп кошууну уюштуруу өзгөчө колго алынсын. Бул ишке жооптуу мамлекеттик органдар буга чейин аныкталган. Жеке коргонуу каражаттарына тийиштүү айтсак, адистердин пикирин эске алуу менен жаңы бирдиктүү стандартты иштеп чыгуу зарыл», — деди ал.

Ошону менен бирге биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков өлкөгө келип түшкөн бардык гуманитардык жардамды эсепке алуу жана бөлүштүрүү маселесин өзгөчө көзөмөлдөөнү тапшырды.