Сузак РИИБи тарабынан өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, эмгекке тартылуусунун жана чоңдордун көзөмөлү жок түнкү убакытта көчөдө жүрүүлөрүнүн алдын алуу максатында тиешелүү кызматтар менен биргеликте алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Бул иш-чаранын алкагында 45 коомдук жайларга (дүкөн, тамактануучу жана эт сатуучу жайлар, баня), ишканаларга текшерүүлөр жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында коштоосуз түнү жүргөн 24 жашы жете элек өспүрүм аныкталып, ата-энелерине эскертүүлөр берилди. Милиция кызматкерлери жаш балдарды көзөмөлсүз калтырбоо жана татыктуу тарбия берүү керектигин түшүндүрүштү.
Мындан сырткары 4 өспүрүмдүн ата-энелерине материалдар топтолуп, аларга карата чара көрүү үчүн Сузак райондук администрациясынын алдындагы жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө комиссиясынын карамагына жөнөтүлдү.
Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы