Sohu кытай басылмасынын аналитиктеринин оюу боюнча Крым Украина менен мамилесин үзүп, Россиянын курамына кирген акыркы регион эмес. 2014-жылы болуп өткөн мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Крым тургундары Украинанын борборундагы бийликтин алмашуусун мыйзамсыз деп эсептеп, элдик реферундум өткөрүп жиберишкенден кийин Крым Россия Федерациясынын курамына кирген.

Кийинчерээк мындай позицияны Донбас билдирип, анын территориясында Донецк жана Луганск элдик республикалары түзүлгөн. Кытай журналисттеринин айтуусунда иш аталган үч регион менен чектелбейт.

Башкача айтканда, Украинанын кыйроосу – бул эбак эле чечилип калган маселе. Мындан сырткары, аналиктиктер Киевге каршы дагы кайсы жерлерде элдик көтөрүлүштөр болорун белгилеп өтүшкөн. Тагыраак айтканда, кеп Одесса облусу тууралуу болууда, себеби бул жерде россиялык маанай алда канча күчтүү.

Белгилей кетчү нерсе, чынында эле Одессанын учурдагы кырдаалы кооптуу жана ал расмий Киевдин тынчын алууда. Ал эми Жогорку Раданын мурдагы депутаты Алексей Журавконун оюу боюнча: «Эгерде окуя мына ушундай өңүттө өнүгө турган болсо, Одесса тургундагы Россияны гүл менен тосуп алат».