Эртең, 29-июлда, Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк адамдарды сатууга каршы күрөшүү күнүнүн алкагында “Жаштар колдойт” деген ураан менен чыга турган “Адамдарды сатууга каршы 100 күн” маалыматтык онлайн-кампаниясы старт алат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Кампания башталгандыгы тууралуу республиканын жети облусундагы, Бишкек жана Ош шаарларындагы адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңештердин мүчөлөрү онлайн пресс-конференциялар аркылуу билдиришмекчи.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан улам онлайн режиминде өтө турган бул кампания учурунда COVID-19 пандемиясынын адамдарды сатууга байланышкан жагдайга тийгизген таасирин чагылдырылмакчы.2020-жылдагы кампания калкка адамдарды сатуунун, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнүн жана жалпы эле жөнгө салынбаган миграциянын тобокелдиктери жөнүндө маалымдоого багытталган, алар өздөрүнө ошондой эле эмгек жана сексуалдык эксплуатациялоо, балдарга нике кыюу жана мажбурлап никеге тургузуу, балдар эмгегинин эң начар формалары жана аялдар менен кыздарга карата зомбулук маселелерин да камтыйт.

Адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча облустук координациялык кеңештер, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги жана 30дан ашуун жаштар уюмдары, анын ичинде жарандык коом, БУУ БКБ жетектеген БУУ агенттиктери жана INL, USAID донорлору, ошондой эле Winrock International, Solidarity Center Bishkek, ЕККУ эл аралык уюмдары менен кызматташтыкта 2020-жылдагы кампаниянын уюштуруучулары болуп саналышат.