Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, белгилүү адабиятчы, сынчы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору Кадыркул Даутов 28-июлда узакка созулган оорудан улам 80 жашында дүйнө салды.

Бул туралуу адабиятчы, сынчы, филология илимдеринин доктору Садык Алахан билдирди.

Кадыркул Даутов 1940-жылы 10-сентябрда Алай районундагы Үч-Төбө айылында туулган. 1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.

Кадыркул Даутовдун “Ырдын өмүрү” , “Жаңы чектерге” , “Главное – поиск”, “Сөз өнөрүнүн эстетикасы” , “Таланттар жана тагдырлар” , “Тереңдиктер жана бийиктиктер” , “Адабий сын кантип жаралган?”, “Албан кырдуу алп акындын дүйнөсү”, “Мезгил сыны жана мен”, “Түркүн дүйнө элестеринен” , “Издегеним тубаса акын, тунук поэзия” аттуу адабий-сын макалалары кеңири белгилүү.

Ал чыгармаларын орус, кыргыз тилдеринде жазып келген. 1978-жылдан тартып СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

“Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген наам, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланган.