Пандемия кезинде Казакстанда жаңыдан саалган саамал кымызына суроо-талап кескин өстү. Адамдар алдын ала кезеке туруп, бул суусундукту алган кардарлар көбөйгөн. Чынында эле саамал коронавирус менен күрөшүүдө пайдалуубу? Биргеликте жооп издесек.

Казакстандын тургуну Рисалят Сатыбалдиева саамалды күн сайын ичүүнү адатка айланткан. Ал учурда 68 жашта 3 жыл катары менен саамал ичип, ушул убакыт аралыгында көптөгөн оорулардан арылганын айтат.

“Мен катуу оорудум. Иммунитетим нөлгө түшүп калган. Кыймылдоого күчүм жетпей калган эле. Саамал ичкенден бери өзүмдү мурдагыдан дагы жакшы сезип калдым. Организимде бир топ өзгөрүүлөр болду. Азыр абалым жакшы”,-деди Сатыбалдиева.

Казакстандын улуттук илимдер академиясынын акаедиги, медицина илиминин доктору Төрегелди Шарманов саамал иммунитетти көтөрүүчү каситеке ээ.

“Саамал кымызы иммунитетти көтөрө турганы далилденген. Азыр муну дагы терең изилдөөнүн үстүндө турам. Мында табигый иммуномодулятор бар. Айрыкча боор жана гастрит менен ооругандарга өтө пайдалуу каражат”,-деди Шарманов.

Адистер болсо саамалды таңга маал ачкарын ичүү керектигин, эгер түшкү убакытта иче турган болсо 2 саат алдын эч кандай тамактанбоо керектигин сунушташат.