Аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин берген маалыматы боюнча Бразилияда акыркы сутка ичинде 40 миңден ашуун адам COVID-19 илдетин жуктуруп алса, 921 адам бул дүйнө менен кош айтышкан.

Бүгүнкү күнгө карата аталган илдетти жуктуруп алгандардын жалпы саны өлкө боюнча 2 483 191 адамды түзсө, алардын ичинен бардыгы болуп 88 539 адам каза болгон.

Эске сала кетсек, Бразлия коронавирус илдетине чалдыккандардын саны боюнча Түштүк жана Түндүк Америкадан кийинки эле экинчи орунду ээлейт.