«Мен СССРди жек көрчүм, бирок ал жактан рингдин монстрлары чыкчу»Советтик боксёр Вячеслав Лемешев каршылашын үстөмөнүнөн түшүргөн соккуларынын күчү менен бокс сүйүүчүлөрүнүн эсинде калган.

Ал 23 жашында, тагыраак айтканда 1972-жылы катары менен өткөн беттештердин төртөөнү нокаут менен жыйынтыктап өзүнчө бир рекорд жаратуу менен Олимпиялык чемпион наамына ээ болгон. Дал ошол беттештерди өзүнүн жоро-жолдоштору менен көрүп отурган белгилүү америкалык промоутер Дон Кинг 2003-жылы The Ring журналына берген маегинде:

-«Тыртайган каяктагы бир советтик улан Жонсонду үстөмөнүнөн түшүргөндө, менин чыны менен эле оозум ачылып калды. Ушундан соң аны издеп табууга аракет жасаган аракеттерим натыйжа берген жок. Себеби, бардык жолдор СССРге алып барып такап жатты. Шайтан алгыр, коммунисттик дүйнө… Мен СССРди жек көрөр элем. Бирок, дал ошол империяда рингдин монстрлары чыкчу. Мен эч качан бул уландын нокауттарын унутпайм»-деп айтканы бар