Борбор калаада  эки күндүзгү стационар бейтаптар аз болгондугуна  байланыштуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 1-августта күндүзгү стационарлар 1 миң 176 адамды кабыл алды. Ал эми 2-августка караган түнү 192 адам кайрылды. Адам өлүмү катталган жок.

«Чыгашаны оптимизациялоо жана адам ресурсун сактоо үчүн бейтаптар аз болгон айрым стационарлар жабылат. «Сейтек» мектебиндеги күндүзгү стационар жана «Салтанат» ресторанындагы түнкү стационар жабылды. Жал кичи районундагы №95 мектептеги стационар эртең жабылат«, — деп айтылат маалыматта.

Калган стационарлар штаттык режимде иштейт. Учурда борбордо 12 стационар бар.