Чүй облусунун Сокулук районунда кутткаруучулар жылан кармашты. ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиргендей, Сокулук районунун Дача-2 айылында жайгашкан сарайдын ичинде жылан бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Сокулук райондук №23 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылып, жыланды табышып, коопсуз жайга коё беришкен.