Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-августта, коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүү шартында Ысык-Көл облусундагы медициналык объектилердин абалы менен таанышты.Мамлекет башчысы Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын имаратын көрүп чыкты, оорукананын жамааты менен баарлашты.Бүгүнкү күндө бул жерде коронавирус инфекциясы жана ооруканадан тыш пневмония менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн 245 койко-орун уюштурулган. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мындан сырткары, облустук оорукананын карамагында капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж болгон эки имарат бар. Алардын базасында кошумча 175 койко-орунду уюштурууга мүмкүнчүлүк бар. Бул максаттар үчүн 20 миллиондой сом талап кылынган. Президент Сооронбай Жээнбеков Өкмөткө заманбап оорукана кылып реконструкциялоо жана профилин өзгөртүү боюнча аймактардагы кароосуз калган имараттарга ревизия жүргүзүү сунушталгандыгын эске салды.Бул багытта иш башталган. Бул оорукананын имараты дагы күз-кыш мезгилине чейин азыркы талаптар боюнча оңдолуп-түзөлүп жана профили кайра өзгөртүлө турган объектилердин тизмесине кирет.

Мамлекет башчысы дары-дармектер менен камсыздоо маселесине кызыкты, дарыгерлер мурда дарылар үзгүлтүк менен алып келингенин, бирок азыр препараттарды алып келүү жолго коюлганын айтып беришти.Медициналык персонал менен баарлашууда Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө үчүн кыйын болуп турган мезгилде алардын талыкпаган эмгеги үчүн дагы бир жолу ыраазычылыгын билдирди.

Ал дарыгерлерди социалдык коргоо боюнча бардык маселе көзөмөлдө экенине ишендирди. Дарыгерлердин эмгек акыларын, компенсациялык төлөмдөрдү берүү жана башка колдоолор боюнча бардык маселелер өз убагында чечилерине ишендирди. Ошондой эле бардык региондордо, анын ичинде Ысык-Көл облусунда дагы аймактардагы калкка медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын бир кыйла көтөрүүгө өбөлгө боло турган комплекстүү ооруканалардын курулушу башталарын белгиледи. Мындай ооруканаларды куруу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн шарттары боюнча инвесторлор тартылууда.

Мамлекет башчысы ошондой эле Каракол шаарындагы күндүзгү стационардын (50 койко-орун) жана Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылындагы күндүзгү стационардын (28 койко-орун) иштери менен таанышты. Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыхановдун маалыматы боюнча, Караколдогу күндүзгү стационарга күнүнө медициналык жардам жана врачтардын кеп-кеңештерин алууга 400гө чукул адам кайрылат. Теплоключенка айылындагы күндүзгү стационар июль айында ачылган, бүгүнкү күнгө чейин миңден ашуун адам тиешелүү медициналык жардамдарды алышкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков мындай объектилердин ачылышы аймактардын жашоочуларына өз маалында медициналык жардам көрсөтүүгө чоң кол кабыш болоорун дагы бир жолу белгиледи. Ошентсе да күзгү-кышкы мезгилге Өкмөт жана жергиликтүү бийликтер камылганы өз деңгээлинде көрүшү керек.

Президент ошондой эле Ак-Суу районундагы Үй-бүлөлүк медицина борборуна барды. Үй-бүлөлүк медицина борборунун имараты үстүбүздөгү жылдын июлунда пайдаланууга берилген. Борбор район боюнча 60 миңге жакын жашоочуну тейлейт.

Үй-бүлөлүк медицина борборунун ишмердүүлүгү менен таанышкан Сооронбай Жээнбеков санариптештирүүнү киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи, Борбордун жетекчилигин жана медицина кызматкерлерин аталган процессти тездетүүгө чакырды. Бул жерде Мамлекет башчысы эмгек жамааты, ошондой эле коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө жергиликтүү дарыгерлерге көмөк көрсөтүп жаткан волонтерлор менен баарлашты.