АКШ президенти Дональд Трамп журналисттер менен жолугушууда TikTok тиркемесин 15-сентябрга чейин сатууну талап кылгандыгын, башкача айтканда, аны Microsoft же башка бир компания сатып албаса «бизнестен четке чыгып калаарын» айтты.

«Ооба, биз мөөнөттү ушундай деп койдук, убакыт-сааты келгенде ал (TikTok) АКШда иштөөсүн токтотот. Бирок, кимдир бирөө, айталы Microsoft же ушул өңдүү дагы башка компания сатып алса, анда ал жагы кызыктуу болчуудай», — деп кошумчалаган Трамп.

Белгилей кетсек, кытай компаниясы америкалык жарандардын жеке маалыматтарын кытай бийлигине жеткирип турган деген доомат менен Трамп TikTok тиркемесин жабуу керектигин жар салган.