Каролина штатынын тургундары АКШнын чыгыш жээги боюнча жылып келе жаткан Исайя бороонуна даярдык көрүшүүдө. Улуттук Бороон-чапкын борборунун билдирүүсү боюнча ал дүйшөмбү күнү кечинде Түштүк Каролинанын түндүк-чыгышы менен Түндүк Каролинага жетет.

Исайя Кариб деңизиндеги аралдарга тушуккандан кийин тропикалык деңиз шамаалынын деңгээлине чейин өз кубатын жоготкон менен көп өтпөй кайра эле саатына 75 миль ылдамдыкка чейин кубаттанган (120 км/саат). Өзгөчө кырдаалдар боюнча кызматтан билдиришкендей Исайядан улам пайда болгон толкундардын бийиктиги 5 футка (1,5 метр) жетип, адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратуусу ыктымал.

Белгилей кетсек, Доминикан Республикасы менен Пуэрто-Рикодо болуп өткөн Исайя бактарды түп тамыранан бери жулуп, суу ташкындары жана жер көчкүлөр менен коштолгон.