КР ИИМдин РФдагы өкүлчүлүгү жарандарды Мекенине жөнөтүү боюнча акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү сунушташкан алдамчыларды аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Бул тууралуу, ИИМдин Басма сөз кызматынан билдирди.

Акыркы күндөрү жарандарды мекенине чартердик авиа каттамдар аркылуу жөнөтүү тизмесине кошуу боюнча алдамчылык иш-аракеттер орун ала баштаган. Кырдаалды колдонуу менен алдоо жолу аркылуу акча каражатын алышып, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин алдындагы атайын комиссия тарабынан түзүлгөн мекенине учуп кетүүчү жарандардын тизмесине киргизип жиберүүгө аракет кылышууда. Жогоруда көрсөтүлгөн окуялар биздин жарандар арасында нараазычылыктарды жаратып, мекенине жөнөтүү үчүн чартердик авиакаттамдын тизмесине жарандарды киргизүү боюнча Элчиликтин коррупциялык схемалары жөнүндө ар кандай пикирлерди социалдык тармактарда таратышууда.

Ошондуктан, укукка каршы аракеттерди эскертүү, аныктоо жана ага бөгөт коюу максатында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин алдында жарандардын укукка каршы иш-аракеттери боюнча арыздары менен кайрылууларын кароо үчүн атайын комиссия түзүлгөн.

Аталган комиссияны жетектөө милдети Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы өкүлү, милициянын полковниги Н. Жанбаевге жүктөлүп, курамына Кыргыз Республикасынын Элчилигинин коопсуздук маселелери боюнча кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматынын Россиядагы Өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери киргизилген.

Жогоркулардын негизинде түзүлгөн коррупцияга каршы жумушчу топтун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы менен жалпы 8 алдамчылык фактысы аныкталган.

2020-жылдын 28-июль күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнө Баткен облусунун тургуну 1994-жылы туулган А.Д. арыз менен кайрылган. А. Д. өзүнүн кайрылуусунда 2020-жылдын 17-июль күнү Кыргыз Республикасынын Москва шаарындагы Консулдук бөлүмүнө Кыргызстанга кайтып кетуу үчүн чартердик каттамдарга тизмеге кирүү үчүн арыз менен кайрылганы келген. Кезекте турган жаран А.Д. ал жерден тизмеге туруу үчүн арыз жазуучу бланктарын келген элдерге таркатып жаткан бала менен таанышып калып, ал Элчилик тарабынан уюштурулуп жаткан чартердик каттам менен учуу үчүн кезексиз тизмеге киргизүүгө жардам беремин деп чектелген сый акысын алган бойдон изин жашырып качып кеткен. Бул факты Россиянын ИИМдин Москва шаарынын Якиманка райондук полиция бөлүмүнө катталган.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү Якиманка райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте жогоруда катталган арыз боюнча алдын ала жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында шектүүнүн өздүгү такталып, ал Чүй облусунун тургуну 1990-жылы туулган К.М. болуп чыккан. Азыркы учурда Якиманка райондук ички иштер бөлүмү бул факты боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Ошондой эле, 2020-жылдын 28-июль күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнө Ош облусунун жашоочулары 1998-жылы туулган Н.Г. менен 1986-жылы тулган А.С. кайрылышкан.

Жабырлануучулар өздөрүнүн кайрылуусунда, бир кыз “WhatsApp” аркылуу өзүн Элчиликтин кызматкеримин деп тааныштырып, чектелген сый акы үчүн Мекенине учууга жардам беремин деп сунуштаганын билдиришкен.

Анын алдамчылык аракетинин натыйжасында жогорудагы жарандарга 60 миң рублга жакын чыгым келтирилген. Аталган фактылар күтүсүүздөн Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча бөлүмүнө коштолуп барган жана катталган.

Бул фактылар Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча Котловка райондук полиция бөлүмүнө катталып, процессуалдык текшерүүнүн жыйынтыгы менен Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинин 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн “Алдамчылык” фактысы менен кылмыш иши козголгон.

Бул алдамчылык фактылар боюнча Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча аймактык бөлүмүнүн полиция кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги өкүлчүлүктүн кызматкерлери менен биргеликте, алдын ала жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облуснун Аксы районунун 1997-жылы туулган С.А. аттуу жашоочусу кармалып, азыркы учурда РФдин мыйзамдарына ылайык, анын баш коргоо чарасы чечилүүдө.

Кыргыз Республикасынын ИИМнин Россия Федерациясындагы ИИМнин өкүлчүлүгү тарабынан мекендештерди Москва шаарынан Кыргызстанга чартердик авиа каттамдар менен учуруу боюнча коррупциялык иш аракеттердин алдын алуу жана ар кандай тоскоолдуктарды болтурбоо максатында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар боюнча кошумча маалымат иретинде билдирүүлөр берилип турат.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү тарабынан өз кызматтык ыйгарымдарынын чегинде укукка каршы аракеттерди аныктоого жана бөгөт коюга багытталган иштерди жүргүзүп, Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүү үчүн Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча аймактык бөлүктөрүнө коштоп барышууда.

Жарандарды тизмеге киргизүү бекер ишке ашырылат жана мигранттарга жардам көрсөтүү ирээтиндеги ортомчулук кызматтар кайтарымсыз негизге көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү мекендештерин мыйзамсыз иш-аракеттерди билишкен болсо, укукка каршы аракеттерге бөгөт коюу менен күнөлүүлөрдү мыйзамдын бардык талаптары боюнча жоопкерчиликке тартуу үчүн жардам көрсөтүүгө чакырат

Укукка каршы келген жогорудагыдай фактыларга дуушар болсоңуздар Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнө -predstavitelstvomvd@mail.ru электрондук почтасына же +7 (926) 890-87-00 ишеним телефондоруна кайрылса болот. Купуялуулукка кепилдик берилет.