5 — июнь күнү чоң шаан-шөкөт менен бириккен Темир Сариев менен Өмүрбек Текебаев ажырашып тынды. Себептери шайлоодогу тизме. Темир Сариев Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Конушбаев, экс аким Аманкан Кенжебаев болуп тизмеге киришкен. Бийлик көз кысты эле Текебаевди таштап баса берди.

  Бул альянстын кулашына негизинен шайлоодогу тизме жана фондко түшчү каражат себеп болгон. Мисалы бизнесмен депутат Тынчтык Конушбаев Чүй обласын каржылап, андан тышкары фондко миллион доллар төкмөк. Текебаев болсо бул каражат аз, дагы кошкула деп талап кылган.