Кылмыш-кырсык

Видео — Полиция 5 кабаттуу өрт чыккан батирден ымыркайды куткарып калды

Казакстандын Рубный аймагында алоолонуп өрт жалмап жаткан 5 кабаттан турган батирден полиция кызматкери ымыркайды аман-эсен куткарып алганы видеого түшүп калган. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

ӨКМга экинчи кабаттын балконун өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Куткаруучулар жеринде барып, жергиликтүү тургундарды эвакуациялап, аймактан чыгарышкан.

Полиция кызматкери өрт каптап жаткан бийик кабатка көтөрүлүп, үчүнчү кабатта турган ымыркайды аман сактап калган.

«Ымыркайдын ата-энеси баланын иске ууланып калышынан коркуп турушкан экен. Мен жетип барып жергиликтүү тургундардын жардамы менен баланы төмөнкү кабатка түшүрүп сактап калдык. Бул кырсыктан 30 адамды коопсуз жайга көчүрдүк»,-деди полиция кызматкери.

https://www.youtube.com/watch?time_continue=10&v=p0hnxmRPw5g&feature=emb_logo

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button