Белоруссиянын борбору Минск шаарында «Вагнер» жеке армиясы кармалып, жакында өтчү президенттик шайлоодо провокация уюштурулмак деп айыпталып жаткан. Үч жүзгө чамалаган атайын даярдыктагы армиянын ал жерде болуп калуусун орус бийлиги кокустук атап, алар Суданга, Ливияга, Стамбулга транзит менен учуп жатышканын айткан. Ал эми Лукашенко мындай билдирүүнү четке кагып, кармалган аскерлери Украинанын Донбас шаарындагы кагылышууга тиешеси бар деп Украин бийлигине өткөрүп берерин билдирди. Эл аралык деңгээлде бул чоң чыр болуп саналат.