29-августта Бишкек шаарынын мэриясы COVID-19 жана пневмониядан каза болгондордун жаркын элесине арналган «Эскерүү шамы» акциясын уюштурат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринын коомдук кеңешчиси Гуля Алманбетова билдирди.
Анын айтымында, эскерүү иш-чарасы саат 21:30 да башталат. «Бул күнү үйлөрүбүздөгү жарыктарды өчүрүп, терезелерди ачып, шамдарды күйгүзүп, каза болгондорду эскерели»,-деди Алманбетова.
Эскерте кетсек, 6-августка карата Кыргызстанда жалпы 1447 адам коронавирустун кесепетинен каза болгон.