Коңшу Өзбекстанда коронавирус пандемиясына байланыштуу Жогорку окуу жайларга тапшыруу сынактары стадиондо өтөт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

«Дүйнөгө кулачын жайган коронавирус пандемиясынын кесепетинен Өзбекстанда сынактарды Ташкенттин борбордук стадионунда жана аймактарында уюштуруу тапшырмасы берилди», — деп айтылат маалыматта.

Коңшу өлкөдө 2019-жылга салыштырмалуу бул жылы абитуриенттердин саны 39 пайызга көбөйгөн.