Белгилүү ырчы, обончу Түмөнбай Колдошовдун Бишкек музыкалык педагогикалык колледжине директор болуп дайындалганына бир айга жакындап калды. Кызматка киришээри менен окуу жайдын сырткы короосун оңдоп, отургучтарын алмаштырууда.

Бүгүн Колдошев куруучулар менен бирге аралашып, окуу жайдын короосун оңдоп жаткан сүрөтү жарыяланды. Бул тууралуу Улукбек Омекеев «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

«Түмөкем ( Түмөнбай Колдошов) катуу иштеп жатат. Жетекчи кара жумуш да жасаш керек. БМПКнын жамааты ишембиликте экен. Тиги аккордеондун клавишасын баскан колдор кабарып, денелер чыңалсын. Иште Түмөке!»,-деп билдирүү калтырды.

Түмөнбай Колдошов Алтынай Нарбаева аткарган “Жарты кайык”, Самара Каримова ырдаган “Мен дүйнөнү апам менен тааныгам”, Эрнист Бөрүбаевдин “Сиз жөнүндө”, Айпери Кулбаеванын аткаруусундагы “Элегия” ырларынынын обонун жазган. Жалпысынан 50гө жакын ырга обон берген.