Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын июль айында жарандардын кайрылууларынын жыйынтыгы боюнча ведомствонун 10 кызматкерин жазалады. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты. 

Ошондой эле салык мыйзамын бузгандыгы үчүн 4 ишкерди административдик жазага тартты. Жалпысынан жыл башынан бери Салык кызматына жарандар жана салык төлөөчүлөрдөн 87 кайрылуу жана даттануу келип түшкөн.

Анын ичинен жазуу жүзүндө – 41 билдирүү, электрондук почта аркылуу – 29, “ишеним телефонуна” жана “шыр байланыш номерине” – 17. Келип түшкөн кайрылуулардын ичинен 33 арыз салык органдарынын кызматкерлеринин укуксуз иш аракеттерине тийиштүү болсо, 16 – ишкерлер тарабынан салык мыйзамдарынын ченемдеринин сакталбагандыгы боюнча маалыматтар, калганы салык мыйзамдарынын ар түрдүү маселелери боюнча болгон.

Бардык кайрылуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген мөөнөттө каралды. Салык органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерине арыздар боюнча кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө 16 арыз боюнча фактылар тастыкталган эмес. Ал эми 7 факты тастыкталса, алтоо жарым-жартылай тастыкталган. Эки факты кароо стадиясында турат жана 2өө маалымат үчүн.

Кабыл алынган тийиштүү чаралардын натыйжасында 2 кызматкер ротацияланса, бир кызматкер катуу сөгүш алган. Дагы бешөө сөгүш алса, экөөнө эскертүү жарыяланды.

Мындан тышкары бир даттануу боюнча материал ИИМге өткөрүлүп берилди. Салык төлөөчүлөр тарабынан салык мыйзамдарынын бузулуулары тууралуу 16 кайрылуунун ичинен текшерүүнүн жүрүшүндө 4 билдирүү боюнча фактылар тастыкталды.

Мыйзам бузгандарга карата административдик жаза-чаралары колдонулду. Мындан тышкары 7 айда Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилигинин кабыл алуусунда 40 жаран болду, алардын ичинен 14 адам жеке маселе боюнча, салык мыйзамдарындагы маселелер боюнча – 18 адам, кадрдык маселелер боюнча – 8 жаран болду.