МаданиятШоу-бизнес

Саламат Садыкова: Улуу эл деген уюткубуздан чыгып бара жатабыз

КРнын эл артисти Саламат Садыкова учурдагы кырдаалга карата өзүнүн ой толгоолору менен “Кыргыз радиосунда” түз эфирде уюштурулган уктурууда билдирди. Анын айтымында, кыргыз эли ушундай заманда улуттук дөөлөттү, каада-салтыбызды сактоого учур келип жеткенин белгиледи.  

“Кыргыз деген улуу элдин уюткусунан чыгып бара жатканын баам салып келем. Биздин эл арасында башка жактын жомогон айтып, бизди шылдыңдап, четтен карап тургандар бар. Биз аларга каршы туруп, улуттук дөөлөтүбүздү, кадыр-баркыбызды, башыбызды бийик көтөрүшүбүз керек. Мына 30 жылдан бери биз эмнеге жетиштик. Бири-бирибизди каралоого жетиштик. Бул илдет коомду абдан каптап кетти. Ичибизде ирип калдык. Азыр пандемияда дейбизби коронавирусдан биз эч убакта коркпошубуз керек. Жакшы күндө алдыда. Канатыбызды жайып, намысызыбызды ойготушубуз керек”,-деди Саламат Садыкова.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button