Бүгүн, 8-августта президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» маек берди.

Анда мамлекет башчыга «Кече жакында Кыргыз-Тажик чек арага жакын аймакта жагымсыз окуя катталды. Жергиликтүү элди чочуткан мындай окуяларга качан чекит коюлат? Чек араны тактоо иштери кандай жүрүүдө?» деген суроо берилди.

«Чек ара маселесин чечүүдө, биринчи кезекте мамлекетибиздин кызыкчылыктары эске алынышы шарт. Ар бир мамлекет өз кызыкчылыгын көздөйт. Бул маселенин татаалдыгы да мына ушунда. Азыр коңшулаш Тажикстан жана Өзбекстан менен чек араны тактоо иштери уланууда. Өкмөттөр аралык жумушчу топтор тынымсыз байланышта иштеп жатышат. Иш жакшы кетип жатты эле, коронавирус илдети муну токтотуп койду. Муну буюрса улантабыз. Айрыкча Кыргыз-Тажик чек ара участоктору боюнча талкуу уланууда.

Мен тажик коллегам, урматтуу Эмомали Рахмон менен кандай гана аянттарда жолукпайлы, чек ара маселесин дайыма талкуулайбыз. Жылыштар бар. Бирок маселе жогоруда айткандай чечиле элек. Ошентсе да эки өлкөнүн ортосунда түшүнүү бар. Чек ара маселесинен келип чыккан чыңалууну кээде турмуштук, тиричилик маселелер да курчутуп жиберет. Ошондуктан жергиликтүү бийлик эл менен тыгыз байланышта иштеп жатат. Өкмөттүн атайын вице-премьер-министри бар, ушул чек ара маселеси боюнча иштейт. Акрам Камбаралиевич Кадамжайда аким, Баткенде губернатор болду, бул көйгөйдү жакшы билет.

Чыңалууну азайтуу максатында чек арага чектеш айылдарда, райондордо социалдык-экономикалык долбоорлорго да өзгөчө көңүл бурулууда. Баткен менин өзгөчө көңүлүмдүн борборунда. Жолдорду оңдоо, мектеп, ФАП, оорукана, бала бакча жана башка социалдык объектилерди курууга көп көңүл бурабыз. Азыркыдай бюджеттин тартыштыгында, оор шартта, ар кандай кырдаалда дагы аны биз токтотпойбуз. Ал эми чек ара маселесин, жогоруда айткандай, бир тараптуу чече албайбыз. Бул өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан берки чечилбей келаткан оор маселе. Сабырдуулук менен сүйлөшүү жолу аркылуу улантабыз. Буюрса бул иштин үдөөсүнө чыгабыз», — деди президент.