Саясат

Лукашенко Минскиден — Стамбулга учуп кетти

Минск шаарынан EW-301PJ номерлүү учагы кетти — бул Беларусь президенти Александр Лукашенконун лайнери. PlaneFinder билдиргендей, учак  Түркияга карай багыт алган.


Lenta.ru NEXTA Telegram каналына шилтеме берип жазгандай, лайнердин экипажы мобилизацияланган, учкучтар аэропортто түнөшкөн.

 Маалыматтарга ылайык, кечээ аталган өлкөдө президенттик шайлоо өткөн. Бул жолку шайлоо мурдагылардан  айырмаланып, оппозициялык маанай күч алган,  каршылык акциялар көбөйгөн маалда өттү.

Мындан сырткары азыркы президент Александр Лукашенкодон башка дагы 4  атаандаш талапкерлер чыкты.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссия азыркы президент Александр Лукашенко баштаган беш адамды — Светлана Тихановскаяны, Андрей Дмитриевди, Анна Канопацкаяны, Сергей Череченди каттаган.

“Мир” теле каналынын берген маалыматына таянсак 79,7 % менен Лукашенко жеңишке жеткен.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button