Кылмыш-кырсык

УКМК издөөгө алынып, кармалган өзбек жаранын өткөрүп берет

Издөөдө жүргөн Өзбекстандын жараны кармалды, — деп билдирет КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 8-августунда КР УКМК 1993-жылдагы үй-бүлөлүк жана кылмыш иши боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер туралуу Минск Конвенциясынын алкагында, Өзбекстан Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан бир катар кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн, 1973-жылы туулган А.Б., аттуу Өзбекстандын жараны кармалды.

Билдирүүгө айтылгандар, кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ага карата баш коргоо чарасын тандоо жана Өзбекстан Республикасынын компетенттүү органдарына өткөрүп берүү маселелерин карап жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button