Говь-Алтай аймагынын тургуну Буриадын Болдбаатар атуу пенсионер Алтайдан баштап Улан-Батырга чейинки 1040 километрлик аралыкты 34 күндүн ичинде чуркап өткөн.

Туулган жери Говь-Алтайдын 80 жылдык, Монголия прокуратурасынын 90жылдык мааракелеринин урматына байланыштуу мындай демилгени Буриадын Болдбаатар өзү көтөрүп чыккан.

Баса, ал узак аралыкка чуркоо боюнча эл аралык чебер болуп саналат. Белгилей кетчү нерсе, Б. Болдбаатарго учурда 64 жашта болсо, ардагер-спортчу катары аймакка жакшы таанымал атасы Н.Буриада 88 жашта.