Узакка созулган оорудан , 39 жашында, КТРКнын расмий сайтын колдоо бөлүмүнүн башчысы Нурзат Ниязова көз жумду.

Ал үчүн эмгек, тартип, жумуш ар дайым биринчи орунду ээлеп келген. КТРКнын тарыхында биринчи жолу КТРКнын онлайн түзүмүн түзүп, тагыраагы корпорациянын расмий баракчаларына негиз салып, КТРКнын расмий сайтын ачкан. Ушундай кыска убакыттын ичинде Нурзат бир нече муун журналисттер менен веб-мастерлерди тарбиялай алды.

Нурзат Ниязова кесиптештери арасында жогорку профессионалдуулугу, мээнеткечтиги, баардыгы менен тил табыша билүү жана өтө шайырдыгы менен айырмаланган.

Кесиптештери жана достору аны дайыма боорукер жана жардамчы адам катары эстешет.

КТРКнын кызматкерлери үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.