АКШ Саламаттык сактоо министри Алекс Азар барган учурда Кытай Тайвань кысыгына өзүнүн согуштук учактарын (истребительдерин) жиберген.

Белгилей кетсек, америкалык ССМ башчысы Тайваньга өз кесиптештеринин коронавируска каршы жүргүзүп жаткан иш-чараларын баамдоо үчүн барган жана Тайвань президенти Цай Инвэнге: «Колдон келген жардамды аябай тургандыгы тууралуу» Дональд Трамптын дубай саламын айткан.

Express басылмасынын билдирүүсү боюнча расмий Бээжин АКШнын мындай кадамына нааразы. Себеби, тайвань бийлигинин өкүлдөрү менен болгон бул өңдүү жолугушуулар өзүнчө өтүүсү мүмкүн эмес. АКШнын бул өңдүү аракети Кытай Эл Республикасынын бүтүндүгүнө шек жаратуу катары кабыл алынат.