Атым Жаркын учурда 25 жаштамын бойдокмун. Эл катары жогорку окуу жайды бүтүрүп кызыл диплом алып жакшы бир иш канада иштейм. Өзүмдү өзүм камсыз кылам жаман жолдон алысмын. Кыргыздын ыймандуу кыздарынын биримин. Менин көйгөйүм 1 жылдан бери өзүмдү өзгөртө берип чарчадым.

Ата энем бир туугандарым күйөөгө тий дей берип кулак мээмди жеп бүттү. Кыскасы сүйүүдө жолсузмун эл катары таанышып жолугуп өзүмө жакшы жигит издегенге аракет кылдым. Бирок, жигиттер мен менен көпкө барбай эле таштап кетет. Кудайга шүгүр өзүмдүн турган турпатым, келбетим баары жайында. Алгач балдар менен жолукканда баары татынакай экенсиң, назик экенсин дешет. Бир корккон жерим ушул сөздү угуу себеби баягы эле көпкө барбаган сүйүү. Өзүмдү ар тараптан өзгөртүп, сынап келем кыскасы балдар менден тез эле жоголуп кетет. Балким арык кыздар жагаттыр деп арыктап да семиз кыздар жагаттыр деп семирип да көрдүм. Боенбогон кыздар эрте эрге тийип кетет го деп боенбой да жүрдүм өзүмө карап да жүрдүм.

Сексуалдуу болсон балдар тез арбалат дешти аны да кылып көрдүм жыйынтык жок. Апам сен соо эмессиң сен теңдүүлөр күйөөгө тийди 2ден баласы бар деп күндө кагып силкет. Апамдын жанында мурункудай урмат сый жок. Күндө үйдө уруш жаңжал эр албайт кара далы деген сөздөр жүрөгүмө каттуу тийип бүттү. Жумушта да ойлуу жүрөгүм эзилип отурам. Эрчишкен кыз жигиттер үй бүлөлүүлөрдү көрсөм көзүмдөн жаш агат мен да качан ушундай жүрөм деп. 1 жыл ичинде 5 бала менен сүйлөшүп көрдүм баары таштап кетти. Өзүмдү жек көрүп өлгүм келип жүрөм эмнеге эмнем жакпайт өзүмдү жеп бүтмөй болдум.

Азыр болкондо шолоктоп ыйлап отурам. Себеби таанышканыбызга 3 ай болгон жигитим бүгүн менден капа болбо сен менен сүйлөшө албайм деп жазып жибериптир. Кайсы күнөөм үчүн деп жаздым мен ал жигитке. Баш ийип айтканынан чыкпачумун башкасы менен сүйлөшпөй жада калса сүрөтүмдү профилимде турчу. Эмнеге жигиттер көп убакытка жетпей мени таштап кетет күнөөм эмне?

Эгерде ушул катты көптөн бери кыз жигит болуп сүйлөшүп мамилеси жакшы үзүлбөгөн сүйүүсү бекем кыздар окуп жатса кеңеш бериниздерчи.