Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-августта, Баткен облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратын капиталдык реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаровдун маалыматына ылайык, бул жерде 90 орундуу жаңы оорукананы ачуу үчүн оңдоп-түзөө жана калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Оңдоп-түзөө иштерин үстүбүздөгү жылдын август айынын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Ошондой эле бүгүнкү күндө Баткен облусунун жана Баткен шаарынын 116 миңден ашуун жашоочуларын 45 орундук жугуштуу оорулар бөлүмү тейлөөдө. Бул жергиликтүү калктын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жетишсиз.

Президент Сооронбай Жээнбеков медициналык кызматкерлер менен баарлашып, медицина жаатында биринчи кезекте бейтаптарга эң ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө багыттала турган өлкөнү санариптештирүү саясатынын максаттары жана милдеттери жөнүндө кеңири айтып берди.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү жакшы билерин белгилеп:

«Коопсуздук Кеңеши бир жарым жылдан бери саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү иликтөө үстүндө иштеди. Биз жакынкы аралыкта кырдаалды жакшыртуу үчүн бул маселени ар тараптуу карап чыгабыз. Пандемия системанын бардык болгон көйгөйлөрүн ачыкка чыгарды», — деди. 

Мамлекет башчысы медицина кызматкерлерине дагы бир жолу ыраазычылык билдирди. Өлкө Өкмөтү тарабынан аймактардагы кароосуз калган имараттарды заманбап ооруканаларга кайра профилдештирүү үчүн ревизиялоо иштери улантылып жатканын кошумчалады.