Кыргызстанды азыркы каатчылыктан чыгаруунун жөнөкөй бир чарасы – бажы, салыктагы коррупцияны жоюу. Өлкөнүн чек арасынан өткөн товарлар менен казынага түшкөн каражаттын ортосундагы чоң ажырымды эл көрүп турганы менен, “түшүнбөгөндөр” дагы эле факты издеп жүрөт, — дейт мурдагы экономика министри Эльдар Абакиров. Эксперттин айтымында, бажыда ачык-айкындуулук болгондо Кыргызстан пандемия маалында сырттан ар кимден карыз сурап отурмак эмес.

“Алгач мындай салыштырып көрөлүчү. Салымбеков “Дордой” деген чоң базар курду, ошондон байыды. Бабановдо болсо май куюучу жайлардын ири тармагы болгон, анысын 160 млн долларга орустардын “Газпромуна” саткан дешет. Булардын байлыгы кайдан келгени түшүнүктүү. А өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп, алган айлыгы 15-20 миң сом, бирок тепкени 100 миң доллалык жип, жашаган жерлери хансарай болгондорчу? Журналисттер алардын сырттагы чоң байлыктарын көрсөтүп да жатышат. Алар акчаны кайдан тапты?”, — деп суроо салат ал.

Абакиров дагы бир жагдайды белгиледи: “Кытай 2018-жылы Кыргызстанга 5,5 млрд долларга товар жөнөттүк деп жатат. Биздикилер болсо 1,5 млрд долларга товар алдык дешет. Ортодо 4 млрд долларлык товар кайда кетти? Орточо эсеп менен анын 10%ы бажы төлөмдөрүнө алынганда, 400 млн доллар казынага түшмөк. Дагы 12% кошумча нарк салыгы бар. Аны кошкондо 800 млн доллардан ашык акча бюджетке түшүшү керек эле. Оң жагында өмүр бою бажы органында ишеген бай кишилерди, а сол жагында бюджетке түшпөй калган мллиондук ажырымды көрүп жатабыз. Элдин баары муну түшүнүп-көрүп жатат, а түшүнбөгөндөр болсо дагы эле факты издеп жүрөт”, — дейт Абакиров.

Кыргызстан жыл башынан бери 12 млрд сомдой салык жана бажы төлөмдөрүн чогулта албай калды. Ошол эле учурда сыртка карызы 5 млрд сомго чукулдады.