Бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуу максатында КР Өкмөтү менен ГФРнын Өкмөтүнүн ортосунда Германиянын өнүктүрүү банкы аркылуу 10,5 млн евро өлчөмүндөгү гранттык каражатты берүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Эльмира Абжапарова билдирди.

«Долбоордун алкагында өлкөнүн бардык жарандарына ипотекалык насыя берилет, ошонун ичинде, Бишкек жана Ош шаарларынан сырткары, патенттик негизде иштеп жаткан, бюджеттен тышкаркы чөйрөдө иштегендерге», — деп билдирди Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Эльмира Абжапарова.

Анын айтымында, аталган долбоордун ипотекалык насыялары «Кыргызстан», «РСК Банк» жана «Кыргыз инвестициялык-насыялык банкы» коммерциялык банктары аркылуу жылдык 10% чен боюнча 15 жылдык мөөнөткө берилет. Долбоордун алкагында 153 насыя 158 млн сом берилди.