ДССУнун Саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдар боюнча программасынын директору Майк Райандын айтуусу боюнча COVID-19 илдетинин тамака-аш аркылуу жугуусун тастыктаган учурлар жок.

Ал эми аталган уюмдун өзгөчө оорулар бөлүмү боюнча техникалык тобунун башчысы Мария Ван Керкховенин билдирүүсүнө караганда вирус тамак-аштын өзүндө эмес, тамак-аш оролгон таңгакчаларды болуусу толук ыктымал экендигин айтып, ага Кытайдан Бразилияга импорттолгон тоок канаты салынган кутучуларды далил келтирген.

Белгилей кетсек, Кытайдан келген мындай кутучуларды тестирлөөдөн өткөргөндө алардын ичинен 10 кутучадан оң жыйынтык чыккан.