Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу иши боюнча 10 айыпталуучуга карата чечим чыгарды. Бул тууралуу 14-августта АКИpress агенттигине күч структураларындагы булактар кабарлашты.
Буга чейин айыпталгандардын бардыгы тергөө менен келишим түзгөн.
Алар күнөөлүү деп табылып, ар бирине 300 миң сом айып салынды:
– экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов;
– экс-ички иштер министри Зарылбек Рысалиев;
– Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Медициналык-санитардык жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Акылбек Асанов;
– Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын доктору Фархад Атаходжаев;
260 миң сом айып салынды:
– лаборант Ирина Цопова;
– онколог Эмил Макимбетов;
– мамлекеттик аппараттын коопсуздук, укук тартиби жана коргонуу бөлүмүнүн мурдагы башчысы Марат Бекенов;
– Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкери Канатбек Бектемиров;
– экс-судья Жапар Эрматов;
– Жактоочу-Али Касымов.