Мьянмалык 23 жаштагы Су Наин атуу селкинин сүрөттөрү интернет колдонуучуларына тарап кетип, анын турган турпатына айрыкча белинин ничкелигине таң калып, кээ бири ишенбей фотошоп дегенге чейин барышты.

Су мындай айткандарга дароо жооп кайтарып, табиятынан ушундай жаралганын, эл катары эле тамактанып, ден соолугу жайында экенин билдирди.

“Бул дагы буйруктан экен. Генетикам ушундай болгон соң белимди ничке кылыш үчүн эч кандай деле көнүгүү жасаган жерим жок. Эл катары эле тамактанам. Сүрөткө түшкөндү жактырам. Жаныма келгендер сулуусуң деп айтышат”,-деди Су.

Су бир дагы гиннестер китебине же болбосо сулуулук сынактарга деле катышып көрбөптүр. Ал эми ааламда белинин ничке болушун эңсеп, эмне гана спорттун түрү мене машыгышпайт. Алсак, британиялык Этель Гарнердин белинин өлчөмү 1,5 см жетет. Ал бул өлчөмгө жетиш үчүн атайын корсет колдонгон.

https://www.instagram.com/p/CDrJjGOpkIp/

https://www.instagram.com/p/CDZGLvsJiua/

https://www.instagram.com/p/B7a6Byil4f3/